Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Махмудов 2-орунга түшүп калды. Кыргыз балбандарынын рейтинги өзгөрдү

01.03.2023 17:16
645
Махмудов 2-орунга түшүп калды. Кыргыз балбандарынын рейтинги өзгөрдү

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) күрөш боюнча балбандардын жаңыланган рейтингин чыгарды.


Ага ылайык, эркин күрөш боюнча 70 кг салмактагы балбандар арасында Эрназар Акматалиев рейтингдин экинчи орунуна көтөрүлдү. Эскерте кетсек, Акматалиев Египетте өткөн Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль уткан.


Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салматтагы кыргызстандык балбан Акжол Махмудов биринчи орундан экинчи орунга түшүп калды. Биринчи орунга венгриялык Золтан Леваи чыкты. Ал эми 60 кг салмак боюнча Жоламан Шаршенбеков рейтинде биринчи орунду сактап калды. Белгилей кетсек, эки балбан тең Египеттеги эл аралык мелдешке катышкан эмес.


Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) рейтингде төртүнчү орунга көтөрүлдү. Буга чейинки мелдештердеги жеңилүүсүнөн улам кыргызстандык спортчу тизменин төмөнкү саптарына түшүп кеткен.


Египеттеги эл аралык мелдештен Тыныбекова алтын медаль менен кайткан.


Мээрим Жуманазарова (68 кг) 13-сапка, Айпери Медет кызы (76 кг) 9-сапка көтөрүлдү. Эки спортчу акыркы болуп өткөн мелдеште коло медаль багындырган.

Теги

Uww

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн