Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Тез жардамдын” дарыгерлерине кол көтөргөн учурлар бар”

25.11.2023 16:14
658
Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Тез жардамдын” дарыгерлерине кол көтөргөн учурлар бар”


- Максатбек Канатбекович, комитеттин отурумунда сиз “тез жардам” кызматынын кабыл алуу бөлүмдөрүнө участкалык милиционерлерди бекитип берүүнү сунуштадыңыз. Бул кандай зарылчылыктан улам?


- Мен ар кандай себептер менен “тез жардамдын” кабыл алуу бөлүмүнө барган учурда дарыгерлер көп көйгөйлөрдү айтышат. Алардын ичинен эң орчундуусу – бул дарыгерлердин, оорулуулардын коопсуздугу. Жашы улгайып калган аял кишилерге кол көтөргөн учурлар болот экен. Ошондон улам “мурда бизге милиционерлер келип, күндүзү болбосо да түнкүсүн биз менен кошо нөөмөткө турушчу. Алардын турганы көп чыр-чатактардын алдын алып, бизге жардамы тийчү эле. Азыр да ошол практиканы кайра калыбына келтирсе жакшы болот эле” деген сунуштарын айтышты. Ошондуктан, мен ал жердеги врачтардын үнүн угуп, алар кандай шарттарда иштеп жатышкандарына көңүл бурушубуз керек деген ой менен бул маселени комитетте көтөрдүм. Ал жерде ички иштер министринин орун басары да отурган болчу. Аларга кулак кагыш иретинде айттым. Буга чейин “тез жардамдын” дарыгерлерине кол көтөргөн эки-үч учур катталган экен. 


- Бул сунуштуңузду ишке ашыруу кошумча каражат талап кылса керек?


- Жок. Эч кандай кошумча каражат талап кылынбайт. Себеби, бизде күзөт кызматы деген бар. Алар ар кайсы банктарда, мекемелерде нөөмөттө турушат. Андан тышкары, участкалык милиционерлер бар. Ошолорду эле кезек-кезеги менен коюп койсо болот. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн