Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Жаңы курулуп жаткан үйлөрдү максималдуу түрдө лабораториялык сыноодон өткөрөлү”

06.02.2024 10:05
1365
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Жаңы курулуп жаткан үйлөрдү максималдуу түрдө лабораториялык сыноодон өткөрөлү”


- Марлен Абдырахманович, соңку күндөрү болгон жер титирөөдөн кийин “биздеги жаңы салынган үйлөр зилзалага канчалык деңгээлде туруштук берет?” деген суроо курч коюлууда. Аларды алдын ала, кырсык боло электе эле текшерип көрүүнүн механизмдери, жолдору барбы? 


- Биз маңыздуу мыйзам даярдаганбыз. Анын алкагында ар бир жаңы курулган объектинин чатырына атайын аппарат орноштурулуп, ал 8-9 баллга чейин титиретет. Кайсы бир жеринен жарака кетсе, же дагы башка бузуулары болсо, дароо аныктап коёт. Андай аппарат мурда Кыргызстанда жок эле, жакында келиптир. Ар кандай жаңы имарат курулуп бүткөндөн кийин ал текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Жанагинтип титиреткенде урап калса, аны курган курулуш компаниясы өзү жоопкерчилик тартат. Жок, сапаттуу экени аныкталса, жүзү жарык болуп, кардарларын көбөйткөнгө жакшы реклама болот. 

Ал эми мурда курулуп калган үйлөрдү текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок. Текшерсе да бетондун сапатын, анан лазер аркылуу арматуранын абалын гана текшере алышат. 


- Кудай анын бетин ары кылсын, эгер жер титиресе, кыйроонун алдын алыш үчүн эмнелерди жасоо зарыл?


- Мен жана айткандай, жаңы курулуп жаткан үйлөрдү максималдуу түрдө лабораториялык сыноодон өткөрүп, жок дегенде курулуш долбоорго дал келеби, бетондун сапаты талапка жооп береби, арматуралар туура коюлдубу – ошолордун баарын текшерип чыгуу керек. Эгер мүчүлүштүктөр аныкталса, бардык имараттарды кайра оңдотуп, бекемдеп чыкканга мүмкүнчүлүк бар. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн