Кулжа 26, 2025
Убакыт: 23:20
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Медициналык кызматкерлердин айлыгы 1-июлдан тарта 50%га көтөрүлөт

01.07.2021 12:48
932
Медициналык кызматкерлердин айлыгы 1-июлдан тарта 50%га көтөрүлөт

Медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу  "Кактус.медиага"  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирген.


"Белгиленген тапшырманын негизинде  1-июлдан тарта ҮМБнун (ЦСМ) дарыгерлеринен башка бардык медициналык кызматкерлердин айлык акысы 40-50% га көтөрүлдү. Айдын аягында дарыгерлер базалык айлыктын жогорулашы менен жогорулатылган айлык алышат", - деп билдирген мекемеден.


Эске салсак, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлеринин баштапкы базалык айлыгын 100 пайызга көтөрүлгөнү айтылган. Бирок индикатор көрсөткүчү алынганына байланыштуу дарыгерлер мурдагыга караганда аз эмгек акы алып калганын айтышып нааразылыгын билдирген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн