Бугу 15, 2025
Убакыт: 11:55
USD
87.30
87.80
EUR
97.60
98.60
RUB
1.075
1.110

Министрлер кабинети цементтин импортуна уруксат берди

12.05.2025 09:44
120
Министрлер кабинети цементтин импортуна уруксат берди


Министрлер кабинети цементтин импортуна коюлган чектөөнү алып салды. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. 


Маалыматка ылайык, чечим курулуш рыногундагы бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынган. 


Цементти тыштан ташып келүүгө 31-мартта жарым жылдык тыюу салынган болчу. Анда бийлик бул чара ички рынокту коргоо жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү максатында кабыл алынганын билдирген. 


Импортко уруксат цемент тартыш болуп, бир кабы 380 сомдон  600 сомго чейин көтөрүлгөн учурда берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн