Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.070
1.095

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

06.05.2022 15:22
564
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-май түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, кум-шагылга толуп, унаа жолу жабылган.

5-май күнү жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылган. Бүгүн да тазалоо иштерин улантууга №956 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн