Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мыйзам алдында акталган Матраимовдун мындан аркы перспективасы кандай болот?

22.04.2021 10:03
1018
Мыйзам алдында акталган Матраимовдун мындан аркы перспективасы кандай болот?


Раимбек Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, соттошту. Ал эми мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу иши боюнча тергөө кылмыш белгилерин тапкан жок жана ишти кыскартып салышты. Эми бажыдагы коррупциянын символу болгон ал кишинин мындан аркы перспективасы кандай болот?


Юрист Замир Жоошевдин айтымында, Матраимов мыйзам алдында расмий таза жана катардагы жарандар сыяктуу жашай берет. Ошол эле маалда чет өлкөлөргө чыгууга укугу бар.

Коррупцияга күнөөлүү экенин мойнуна алып, 2 млрд сом келтирилген айыбын төлөдү. Эми анда болгону соттолгондугун жаба турганы калды. Анын мөөнөтү жасаган кылмыштын салмагынан көз каранды – 7 жылдан 15 жылга чейин. Ушул жылдар аралыгында ал мамлекеттик жана саясий кызматтарда иштөөгө укугу жок.


Юрист Искендер Какеев белгилегендей, азыр мыйзам боюнча соттолгондугун мөөнөтүнөн мурда жабуу үчүн мүмкүнчүлүктөр алынып салынган. Ошондой эле Какеев, Бажы кызматы укук коргоо органы статусуна ээ болгондуктан коррупция боюнча соттолгон адам бажы тармагында иштөөгө талапкер боло албай турганын белгиледи.


А калган учурларда Матраимовдун мүмкүнчүлүгү чектелген эмес. Ал:

  • - Ишкерчилик менен алектенүүгө;

  • - Өлкөдө тоскоолдуксуз алдыга жылууга;

  • - Чет өлкөлөгө чыгууга; (Магнитский тизмеге киргени үчүн АКШга чыга албайт)

  • - Шайлоолордо добуш берүүгө;

  • - Партиялардын жана коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга;

  • - Ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.

  • Экинчиден, мыйзамсыз баюу иши боюнча сот аркылуу мыйзамсыз камакка алгандыгы үчүн компенсация талап кылууга укугу бар. Ал үчүн адегенде анын камакка алынуусу мыйзамсыз болгонун жана ага кандай жоготуу алып келгенин далилдеп бериши керек. Бирок ал мындай укугун пайдаланабы, белгисиз”, - деп кошумчалады Жоошев.

Эске салсак, УКМК Матраимовдун кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу боюнча кылмыш ишин кыскарткан жана алар жакындарына катталган чет өлкөдөгү мүлктөрүн таба алган эмес. 


Булак: материал kaktus.media сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн