Бугу 04, 2025
Убакыт: 05:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча рейстер көбөйдү

15.03.2021 12:54
1090
Москва-Бишкек-Москва  каттамы боюнча рейстер көбөйдү

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча кайра бөлүштүрүлгөн каттамдардын жыштыгы тууралуу билдирди.


Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Россия Федерациясынын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:

- “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;

- “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;

- “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.

Россия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн