Чүй облусунун Москва районунда 822 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мурдараак маалымдалгандай, 2024-жылдын март айында УКМК тарабынан Москва районуна караштуу Александровка айылындагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "жер мафиясына" тиешелүү болгон 6 адам кармалган. Бул адамдар сот тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон.
Ошону менен бирге тергөө-ыкчам иш-чараларын уюштуруу учурунда аталган кылмыш ишинин алкагында Москва районунун аймагындагы 822 га жерди жашыруу жана мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.
Айрым айыл өкмөттөрүнүн аймагында мамлекеттик органдардын каттоосунан өтпөгөн жер үлүштөрү бар экендиги аныкталды.
Мында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери муниципалдык же мамлекеттик менчикке каттоого алып коюунун милдеттүү тартибин сактабастан, аталган жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйгап өтүү менен жеңилдетилген баада ижарага беришкен, жасалма ижара келишимин түзүү жолу менен аларды жеке кызыкчылыктарына пайдаланышкан.
Ошондой эле үлүштүк жерлерге мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары аныкталган, алардын менчик ээлери ар кандай себептер менен Кыргызстандын чегинен чыгып кеткен, же каза болгон.
Бул боюнча, териштирилип жаткан иштин алкагында, Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгынын, райондук мамлекеттик администрациянын жана башка тиешелүү адистерди тартуу менен Москва районунун Александровка айылындагы жерлерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жер контуруна иш жүзүндө барып текшерүү иштерин жүргүзүү демилгеленген.
Жыйынтыгында УКМКнын демилгеси менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясы түзүлүп 822 га жер аянты мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 432,40 га сугат, 280,61 га кайрак, 15 га көп жылдык өсүмдүктөр жана 94 га чөп-чабынды үчүн жерлер.
Учурда министрлер кабинетине караштуу "Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик" тарабынан аталган жерлерди каттоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн