Москва районунда томолой жетим эки бала жер тилкелерине ээ болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москва райондук прокуратурасы тарабынан томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 томолой жетим бала жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында 2 балага укук таануучу документтер тапшырылып, жер тилкелерге ээ болушту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн