Кулжа 17, 2025
Убакыт: 21:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Next TV директорунун камактагы мөөнөтү узартылды

29.06.2022 12:28
404
Next TV директорунун камактагы мөөнөтү узартылды


Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы дагы узартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 3-августка чейин камакта калтырылды. Мындай өтүнүч менен сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кайрылганы маалым болду.

Быйыл 3-мартта кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурган жетекчинин бөгөт чарасы ушуну менен үчүнчү жолу каралып, мөөнөтү узартылып жатат.

Белгилей кетсек, атайын кызмат быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган. Каналдын жетекчилиги жабылуусун көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарып келгени менен байланыштырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн