Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

04.04.2021 16:26
752
Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп  дайындалды

 

Бүгүн, 4-апрелде ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басары милициянын полковниги Абдиев Нурбек Такабаевичти  тааныштырды.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Мирлан Каниметов бул орундан өзүнүн тапшырган билдирмесине ылайык бошотулган.


ИИМдин башчысы билдиргендей, Нурбек Абдиевдин жеке профессионалдык сапаттары, билими жана тажрыйбасы жаңы кызмат ордуна толук жооп берет. Ошондой эле жаңы орун басарына ийгиликтерди, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну каалады. 


Милициянын полковниги Абдиев Нурбек Такабаевич 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт. Ички иштер органдарындагы кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган. Кызмат өтөө учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштеген.

Ар кандай жетектөөчүлүк кызмат орундарында дагы иштеп келген: Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги.


Кызмат өтөө учурунда "Эрдик" мамлекеттик медалы жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн