Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Казинолорду кайрадан жабуу жагын караш керек”

20.11.2023 10:12
645
Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Казинолорду кайрадан жабуу жагын караш керек”


- Нуржигит мырза, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоп бердиңиздер. Бул долбоорго сиздин жеке пикириңиз кандай?


- “Бир жерге топтоп туруп көзөмөлдөйбүз” дешет. Негизи, мамлекет айыл-апада, кычык-пычыкта болсо да, эшигин бекитип, терезесин бүтөп алып иштеп жатса дагы көзөмөлдөш керек да. Анан “көзөмөлдөй албай жатабыз, бир жерге топтойлу” деген мамлекеттин мыйзам аткаруудагы алсыздыгын көрсөткөнгө окшоп калат. Өзү казинолорду кайрадан жабуу жагын караш керек. “2-3 млрд. сом киреше табат” дечү эле, бүгүн уктуңуздар, 70 млн. болуптур. Бүгүн кумарпоздордун мууну пайда болуп атат, алар наркомандардан да коркунучтуу. Ошондон улам мен “казинолорду дегеле жабуу жагын карасаңар” деп сунуш киргиздим.


- Жогорку Кеңеш казинолор менен күрөшүүгө көп эле аракет жасады. Бирок, эмне үчүн натыйжа чыкпай жатат?


- Натыйжа болгон. Мурдагы чакырылыш аны жабууга жетишкен. Тилекке каршы, биздин чакырылыш кайрадан күчтөп берип койду. Экинчиден, кайсы жерде коррупция, кылмыш дүйнөсү болсо, бири-бирин “крышевать” этип, бири-бирине колдоо көрсөтүп иштей берет экен да. Ошондуктан, бир жерге топтогонго караганда, көзөмөлдөөчү органдардагы коррупцияны жок кылса, көбүрөөк пайда алып келмек.


- “Казинолорду мыйзамдуу жолго коюп, туура пайдаланса бюджетке укмуш киреше алып келет” деген пикирге макулсузбу?


- Кылмыш дүйнөсү, бирөөлөрдү тоногон каракчылар деле укмуш киреше табат, бирок кеп алардын кандай жол менен тапканында болуп атпайбы. Алар ишкана иштетип, бирдеке өндүрбөйт. Адамдарды азгырып келип, акыркы тыйынын кагып алат, карызга батырат, үй-бүлөсүн бузат. “Аларга лицензия берели, салык төлөтөлү” деп отура берели анда... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн