Теке 01, 2025
Убакыт: 19:59
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Оңдоо иштери. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 2 айга жабылат

01.07.2025 14:07
22
Оңдоо иштери. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 2 айга жабылат


Эртең, 2-июлдан тарта Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.


Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу аталган тилке 2-сентябрга чейин унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, иш 60 күндүн ичинде бүткөрүлөт.


"36 жылдан бери иштеп жаткан тармак толугу менен эскирип, тез арада алмаштырууну талап кылууда. Учурда аталган тилкеде реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Бишкек мэриясы жарандардан жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн