Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Орус-кыргыз фондунун канча активи тоңдурулганы белгилүү болду

05.07.2023 11:59
676
Орус-кыргыз фондунун канча активи тоңдурулганы белгилүү болду


Бүгүнкү күндө Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 163 миллион доллары Euroclear депозитарийинде тоңдурулду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарга ​​таянып жазды.


Маалыматка караганда, бул каражат былтыр тоңдурулган. Euroclear жана Clearstream европалык борбордук депозитарийлери менен Орусиянын борбордук депозитарийи НРД (Улуттук эсептешүү депозитарийи, Москва биржасынын тобунун бөлүгү) ортосундагы өз ара аракеттенүү Украинадагы окуялар башталгандан кийин дээрлик дароо үзгүлтүккө учурады. 2022-жылдын июнь айынын башында Европа Биримдиги НРДи санкциялардын тизмесине киргизген, бул анын Euroclear жана Clearstream менен эсептерин жаап салган. Бардыгы болуп, ноябрь айынын акырына карата Россия Федерациясынын банкынын маалыматы боюнча, чет элдик инфраструктурада орусиялык инвесторлордун болжол менен 5,7 триллион рубль өлчөмүндөгү активдери жабылган.


Октябрдын башында Еврокомиссия Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттердин бийликтери 2023-жылдын 7-январына чейин НРДге каршы санкциялар киргизилгенге чейин түзүлгөн келишимдерди жана макулдашууларды жабуу үчүн зарыл болгон операцияларга уруксат бере турган түшүндүрмөлөрдү жарыялаган. Россиялык рыноктун катышуучулары Бельгиянын жана Люксембургдун Каржы министрликтерине санкцияланбаган бардык инвесторлордун активдерин ачуу үчүн жалпы лицензия алуу өтүнүчтөрүн беришкен.


Кошумчалай кетсек, февраль айында Бельгия Орусиянын 58 миллиард евролук активдерин тоңдурган. Ошондой эле Россия Федерациясына байланыштуу жалпы суммасы 191 миллиард евро болгон транзакцияларга бөгөт коюлган.


«Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тоңдурулган акчасы россиялык банкка тиешелүү болгон, ал аркылуу фонддун эсебине каражат которулуп турган. Бул сумма Бельгиянын банктарынын биринде облигация түрүндө болгон. Кыргызстандын делегациясы Бельгиянын бийлигине акча Кыргыз Республикасындагы долбоорлорго керек экенин кабарлады. Айрыкча бул каражаттарды мамлекеттин ичинде колдонууга бийлик кепилдик берери айтылды. Каражаттар качан колдонууга берилери азырынча белгисиз. Бул маселе боюнча иштер жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин үч министр - экономика жана коммерция, каржы жана юстиция министрлери Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Брюсселге учуп кеткени кабарланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн