Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 14:33
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

Ош-Эркечтам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

11.09.2025 10:48
55
Ош-Эркечтам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет


Ош-Эркечтам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, 11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда өтө турган Алымбек датканын 225 жылдыгына карата коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.


Ал эми, 12-сентябрь күнү саат 08:00дөн 24:00 чейин Ош-ЭркеЧтам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ошондой эле, Алай районунун Гүлчө айылынын борбордук Алымбек датка, А. Уметалиев жана Ш. Досматов көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө коюлат.


"Урматтуу жарандар! Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган иш-чаралар учурунда коопсуздук үчүн киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытыңыздарды алдын ала мерчемдеп алууну, жол кыймылынын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.


Ошондой эле, коомдук тартипти сактап, тазалыкка көңүл бурууга чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн