Жетинин айы 11, 2024
Убакыт: 23:55
USD
86.05
86.55
EUR
92.00
93.00
RUB
0.870
0.910

Ош базарында мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампа аныкталды

30.10.2024 12:21
195
Ош базарында мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампа аныкталды


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош базарынын аймагынан мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, кампаны текшерүүнүн жыйынтыгында 5 миң 710 даана жасалма акциздик маркалары бар арак табылып, алынды.

Азыркы учурда бардык материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантат.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом, ал эми 1000 даанадан ашык саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди тамеки буюмдарын акциздик маркалары жок сатуудан баш тартууга жана продукцияларга акциздик маркалардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн