Теке 15, 2025
Убакыт: 17:19
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди

15.07.2025 10:07
20
Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди


Ош шаарындагы дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, шаардагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берүү учурунда аталган конуштун жашоочусу, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкулова үч эм балдары Асан, Үсөн, Батма менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге жолуккан. Ал буга чейин эки жолу эгиз балалуу, андан кийин үч эмдүү болгонун айткан.


Калаа башчысы эл алдында үч эмге шаардан батир белекке берүүнү убадалап, бүгүн убадасын аткарып, үч эмди жана эгиз балдарды, алардын ата-энесин кабыл алып, үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн