Күн мурун Ош шаарындагы А.Навои эс алуу паркында жайгашкан "Викинг" селкинчегинен Кара-Суу районунун тургуну, 2010-жылы туулган Ш. Т. кулап кеткен.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, окуя кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү эсепке алуу электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган
Текшерүүдө 2010-жылы туулган Ш.Т. селкинчектен кулап кетип, окуя болгон жерде каза болгону аныкталды. Маркумдун сөөгүнө жана окуя болгон жерге тиешелүү кароо жүргүзүлгөн.
Окуя болгон учурда маркумдун жанында курбулары Р. Р. жана И. О. болгондугу такталган. Алардан көрсөтмөлөр алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ошондой эле "Викинг" селкинчегин иштеткен 2002-жылы туулган А. уулу С. да тергөө камсыздалып, тиешелүү сурак иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда аталган факты боюнча ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгы кошумча маалымдалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн