Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ошто беш жаштагы кыз столдон жыгылып, колундагы кайчы бетине сайылып калган

14.03.2023 07:30
623
Ошто беш жаштагы кыз столдон жыгылып, колундагы кайчы бетине сайылып калган

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында беш жашар кыздын бетине сайылып калган кайчыны дарыгерлер алып чыгышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.


Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары А.К. аттуу беш жашар кызын алып келишкен. Бейтап чукул түрдө кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операциялык жардам көрсөтүлгөн.


“Кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып, колундагы кайчы оң жак жүзүнө сайылып, 6-7 сантиметрге кирип кеткен. Кайчы оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Ал жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө.


Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы Үмүтбек Пазылов жасаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн