Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто кыргыз-өзбек бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө

24.08.2021 12:49
951
Ошто кыргыз-өзбек бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө


Бүгүн, 24-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Мухтор Умаров баштаган Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрүн кабыл алды. Анда депутаттар, жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп 20га жакын делегат келген. Ошондой эле жыйынга Кыргызстандагы “Датка Холдинг” корпорациясынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 


Жолугушуунун алкагында калаа башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыктар экендигин билдирди. 


“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара кагаз жүзүндө калбаш керек. Мындан ары тынымсыз бири бирибиз менен кызматташып, эки мамлекеттин экономикалык багытын жогорулатууга салым кошолу. Реалдуу кадамдарга барып, долбоорлорду ишке ашыралы”, -деди А.Мамбетов. 


Белгилей кетсек, аталган иш-чара КРнын Президенти Садыр Жапаровдун инвестиция тартуу боюнча тапшырмасынын алкагында жүрүп жатат. 25-августка чейин Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрү Ош шаарындагы ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн