Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто укук бузууларды бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү

17.03.2023 14:39
326
Ошто укук бузууларды бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү



Бүгүн 17-март күнү Ош облусунун аймагында укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.


Иш чаранын биринчи бөлүгү Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, ички иштер органдарынын, прокуратуранын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, салык кызматынын, электр тармактары мекемесинин, медицина кызматынын, юстиция министрлигинин, калкты тейлөө борборунун, дин кызматкерлеринин жана башка мамлекеттик мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышкан нускама өткөрүү менен башталды.


Нускамага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, Ош облусунун прокурорунун орун басары Адыл уулу Мирлан аянтка тизилген мамлекеттик мекеме уюмдардын өкүлдөрүнүн иш чарага болгон даярдыктарын көздөн өткөрүшүп, нускама берди. 


Ошондой эле аталган мекеме уюмдарга тийиштүү техникалардын абалы менен таанышып чыкты. Нуска Нускамадан соң мындагы мекеме уюмдар райондордун аймагына бөлүнүп жеринде иш алып баруу үчүн жөнөп кетишти. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын 

2021-жылдын 5-майы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын турмушка ашыруу максатында өткөрүлдү.


Иш чаранын негизги максаты: Жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.


Бул иш чара Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун аймагында өткөрүлүүдө. Бул күнү ар бир райондо графиктин негизинде бирден айыл өкмөткө барышып эрте мененки саат 10:00дөн саат 17:00 чейинки мезгилде айыл аймактын жашоочулары менен жакындан баарлашып, арыз-даттанууларын кабыл алышат. Ошондой эле жеринде көчмө медициналык кербендин, милициянын көчмө кабылдама автоунаасынын, калкты тейлөө борборунун мобилдик тейлөөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Юридикалык Жардам кызматынын региондор аралык башкармалыгынын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча "Тилектештик" автобусунун кызматтарын көрсөтүшөт. Жарандар жашаган жеринде өздөрүнө керектүү кызматтардын тейлөөсүнөн пайдаланганга мүмкүнчүлүк ала алышат. Мындай иш чара ар ай сайын өткөрүлүп турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн