Бүгүн, 22-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында жактоочу Айсалкын Карабаева Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин жубайы Ош шаарындагы “Ош Сити” долбоору курулуп жаткан жерге чектеш жерде 0,95 га, 0,29 га жана 0,22 га жерлерге мыйзамсыз ээлик кылып жатат деп маалымат берген. Анын айтымында бул жерлер мамлекетке кайтарылышы керек экен.
Мына ушул маалымат боюнча Жогорку Кеңештин депутаты А. Турсунбаевдин консультанты Д. Керимбаев аталган агенттикке төмөндөгүчө маалымат берген:
“Бул жер тилкеси боюнча кыскача түшүндүрө кетсем мындай: адвокат Замир Адигинеевдин клиенти М.А. аттуу киши бул жер тилкесин Аскар Акаевдин убагында “Истмен” ЖЧКсы аркылуу менчиктештирип алган экен. Негизи бул эч кандай үч жер тилкеси тууралуу эмес, эки жер тилкеси тууралуу маселе. Бири - 0,95 га, экинчиси – 0,29 га. Мына ушул жер тилкелерин күрөөгө коюп, М.А. 2004-жылдын 21-майында “Энергобанк” ААКсынан 1 миллион 300 миң АКШ доллары суммасында кредит алган экен. Анан ал кредитти өз убагында жаба албай калган. Натыйжада аталган банк бул жер тилкесин сатыкка койгон. Аны “Агрофудс” ЖЧКсынын жетекчиси Б.Ш.Ш.аттуу жаран 2006-жылдын 26-июнунда сатып алган. Ал 2011-жылдын 17-июнунда К.С.Ф. аттуу жаранга ишеним кат жазып берген. Ал Т.М. аттуу жаранга саткан. Анан Т.Мдан 2018-жылы февраль айында Б.А.А(ЖК депутаты А.А. Турсунбаевдин өмүрлүк жары) сатып алган.
Мына ошол 2018-жылдан бери карай жогоруда аты аталган М.А. бул жер тилкесин талашып, соттошуп келет экен. Мурда ал жер тилкеси Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караган. Административдик-аймактык реформанын алкагында ал жер тилкеси Ош шаарына карап калган. 2018-жылдан бери соттошуп келип, 2024-жылы Жогорку Сот жер тилкеси боюнча Б.А.Анын пайдасына чечим чыгарган. Эми жер тилкеси Ош шаарына карап калгандан кийин, алар ишти жаңы жагдай менен кароо деген шылтоо менен кайрадан сотко беришкен. Жакында эле шаардык соттон утулушту. Эми жакынкы күндөрү облустук сот карайт.
Кыргызстанда акыркы жылдарда кыйла өзгөрүүлөр болуп жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Мурдагыдай сотторго эч ким басым жасай албайт. Жогорку Кеңештин депутаты катары Азизбек Турсунбаев сотторго эч кандай басым жасаган эмес, андайга жол да берилбейт. Бардык маселе мыйзам алкагында гана каралууга тийиш”, - деди Д.Керимбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн