Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коесуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып белгиледи.
Мамлекет башчысы АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдой турганын айтты.
"Биз буга кызыкдарбыз! Анткени, россия-украина жаңжалынан улам биз дагы жапа чегип жатабыз.
Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз!
Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коесуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар.
Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат.
Ошондуктан экономикалык жактан алганда Россия менен кызматташпай кое албайбыз.
Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн