Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 11:58
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды

23.09.2025 09:25
12
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды


Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди.


Мамлекет башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.


Президент Садыр Жапаровду АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.


Эскерте кетсек, 23-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.


Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.


Мындан тышкары БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн