Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Путин ЧВК "Вагнердин" жетекчилиги менен Кремлден жолуккан

10.07.2023 18:22
996
Путин ЧВК "Вагнердин" жетекчилиги менен Кремлден жолуккан


Россиянын президенти Владимир Путин аскердик козголоң аракетинен беш күн өткөндөн кийин "Вагнердин" жетекчилиги менен Кремлден жолуккан. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

"Чындап эле президенттин ушундай жолугушуусу болгон. Ал ага отряддардын командирлерин жана компаниянын жетекчилигин, жалпы 35 кишини чакырган. Пригожин өзү дагы болду. Жолугушуу 29-июнь күнү Кремлде өтүп, үч саатка созулду", — деди ал журналисттерге.

Песковдун айтымында, Путин жолугушууда компаниянын фронттогу аракеттерине, ошондой эле 24-июндагы окуяларга өзүнүн баасын берген. Мындан тышкары, командирлердин түшүндүрмөсү менен сунуштарын уккан.

"Алар мамлекет башчысынын жана башкы командачынын ишенимдүү тарапташтары жана жоокерлери экенин баса белгилешти", — деди Кремлдин өкүлү.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Бирок Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке каккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн