Теке 03, 2025
Убакыт: 08:22
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекетке кайтарылды

02.07.2025 10:28
36
Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекетке кайтарылды


Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү №173 дарегинде жайгашкан имаратты мыйзамсыз ээликке алуу фактысы аныкталган.


Белгиленгендей, бул мамлекеттик мекеменин имараты 1999-жылы кызмат адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Менчиктештирүү жол-жобосу ачык сынак өткөрүү талаптарын сактабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүп алуу белгилери менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган.


Белгилей кетсек, клиниканын имараты өткөрүп берүү учурунда мамлекеттик маанидеги объект болуп эсептелип, өлкөнүн калкына стоматологиялык жардам көрсөтүү системасында негизги функцияны аткарып келген.


Архивдик документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жана аныкталган бузууларды эске алуунун натыйжасында, мүлккө ээлик кылган юридикалык жактын жетекчилиги жалпы аянты 1510 чарчы метр болгон имаратты, ошондой эле андагы мүлктү ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү чечкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн