Кулжа 26, 2025
Убакыт: 19:09
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Россиядан Ошко келген жаран аэропорттон УКМК тарабынан кармалды

Россиядан Ошко келген жаран аэропорттон УКМК тарабынан кармалды

Ош аэропортунан диний-экстремисттик уюмдун материалдарын таратуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында КР аймагына кирүү учурунда Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.


Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.


Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн