Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

С.Бейшекеев, К.Азыкбаев, А.Нарбаева. Кайсы маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды? (тизме)

01.09.2022 14:19
1720
С.Бейшекеев, К.Азыкбаев, А.Нарбаева. Кайсы маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды? (тизме)





Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу сыйлансын:


III даражадагы “Манас” ордени менен:


Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич – композитор, музыкант, “Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;


Баюми Саид Мохамед Елсаид – “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти;


Джанузаков Канат Чыныбаевич - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин деканы;


Осмонов Кыргызбай Арапбаевич – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;


“Даңк” ордени менен:


 

Баялинова Евгения Борисовна – А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет боюнча концертмейстери;


Эралиева Каныкей Иманалиевна – ырчы, композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;


“Даңк” медалы менен:


Букуев Нурдин Медетбекович – “Кыргыз футболдук союзу” юридикалык жактардын бирикмесинин башкы катчысы, 


Кутуев Омурбек Алымбекович – “Кыргыз футболдук союзу” юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти, 


Мамбеталиев Мурсакул Джумакадырович – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Котормо” студиясынын продюсери;

 

Сыдыкбекова Гулнара Советбековна - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын 

К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;


“Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы:


Айтыкеев Асанкоджо Ароновичке – “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку категориядагы кинорежиссеру;


Апыев Талантбек Мамытовичке -С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;


Артыков Кадыралы Джусуповичке – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы;


Бейшекеев Сыймыкбек Токтогуловичке – эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти;


Жумалиев Бакыт Арстанбековичке – Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын режиссеру, артисти;


Иманалиев Зайнидин Сабитовичке – М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз классы боюнча мугалими, Кочкор району, Нарын облусу;


Исмаилов Сапарга – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын жетекчиси;


Кочорбаева Жипариса Абдыкадыровнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;


Мамбетов Мурат Аваловичке – актер, режиссер, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;


Нарбаева Алтынай Абдуллаевнага – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти;


Одуракаев Бусурман Кожокуловичке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;


Рыскулов Асанбекке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;


Сейдракманов Назаркул Эшенкуловичке - Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы;

Торабеков Чирмаш Топчибаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти;


Уралиев Намазбек Келгенбаевичке – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классы боюнча улук окутуучусу;


“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардак наамы:


Рысбаев Сулайман Казыбаевичке – жазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин алдындагы балдар адабияты секциясынын жетекчиси;


Сыдыкова Кален Султангазиевнага – жазуучу, журналист, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары;


“Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы


Турсункулов Асан Амановичке – сүрөтчү, “СЫРДАНА” коомдук бирикмесинин президенти, Бишкек шаары;


“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”

ардак наамы:


Акматалиев Бердибек Качкыновичке – А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор артисти;


Дуйшеев Туратбек Мукашовичке – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн аскер оркестринин солисти;


Жамантаева Басбүбү Абдываповнага – А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын директорунун орун басары;


Кыдыраалиев Муратбек Төлөевичке – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театрынын артисти;


Мамытова Кишимжан Жакыповнага - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Н. Борошов атындагы балдар искусство мектебинин жетекчиси;


Мукушева Фатима Ивановнага – А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жогорку категориядагы артисти;


Осмонова Айсалкын Азизовнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;


Тимошенко Валентин Григорьевичке - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын камералык ансамбль жана концертмейстер классы кафедрасынын башчысы;


“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы:


Айдаралиев Бекболот Рысбековичке – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу;


Алымкулов Бактыбек Токтоналиевичке – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин оркестр дирижерлугу кафедрасынын доценти;


Алышбаева Дамира Жумановнага – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча методикалык борборунун директорунун орун басары;


Аттакурова Нуруйлага – Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижеру;


Байтыкеева Джумабюбюга-Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын тигүү цехинин кызматкери;


Жещинский Александр Николаевичке-К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;


Исакова Жээнгуль Ыбышовнага - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Алтын казына” борборунун башчысынын орун басары – менеджери;


Кадыракунов Керимбек Мусуркановичке – акын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары;


Касымалиев Алмазбек Талиповичке – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин шеф-редактору;


Касымбеков Тургунбекке – сүрөтчү, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

 

Качибеков Кушубек Исановичке – “АЛТАЙ-МАНАС-ТАЛАС” коомдук бирикмесинин төрагасы, Бишкек шаары;


Нурмамбетов Садыркулга – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси;


Сартмырзаева Күлсада Кадыровнага – Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Керимбаев атындагы Маданият үйүнүн кызматкери;


Орозова Гулвара Жалаловнага – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 

Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери;


Орунтаев Табылды Султановичке – М. Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптары бөлүмүнүн мугалими;


Осмонов Кубаныч Абдрасуловичке – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;


Торогельдиев Алтынбек Атыр уулуна – сүрөтчү-монументалист, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;


Тулобердиев Калыбек Кемеловичке – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору;


Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен 

сыйлансын:


Абдраева Айгуль Толоковна – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу;


 

Амантаев Алижан Тургунбаевич – “Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин башкы сүрөтчүсү


Борубаев Эрнест Кабылович – сатира артисти;


Бруг Любовь Петровна – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин хор дирижерлугу кафедрасынын доцентинин милдеттерин аткаруучу;


Букеев Мисиралы Каракойчиевич – А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын директору;


Дуйшеев Омуралы – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын баяндамачысы;


Жолдошова Бүүсара – Баткен райондук маданият бөлүмүнүн Апкан айылдык китепканасынын башчысы;


Жоробаев Азамат Орозалиевич- Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын 

Н. Тугелов атындагы “Ак-Марал” Кыргыз мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти;


Жумабекова Халида Жапаровна – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын 

К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;


Ким Глеб Олегович – А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы опера солисти;


Кисляк Владимир Геннадьевич – Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын актеру, жетектөөчү сахна чебери;


 

Кожогелдиев Шайлообек Сайитович – Ош шаардык маданият башкармалыгынын артисти;


 

Көбөкова Кенжегүл Султековна – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы 

“Эл шайырлары” фольклордук тобунун артисти;


Крайнов Валерий Михайлович – Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын режиссер-коюучусу;


Куланбаев Болотбек Чалбаевич – М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору;


Кулмамбетова Гүлжан Тагайболотовна – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын баяндамачысы;


Курманова Наргиза Жолдошбековна – виолончелист, композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;


Мамбеталиева Гүлай – кол өнөрчү, Нарын облусунун 

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургун;


Мукашев Эркин Толенович – эстрада ырчысы, продюсер, “Фрунзе” эстрада тобунун жетекчиси;


Ставриди Нина Никифоровна – М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын көркөм коюу бөлүмүнүн башчысы;


Турапова Айтурган Каримбердиевна

 – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык оркестринин солисти-пианисти;


Шекенова Аида Жумагазиевна – “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Маданият” бөлүмүнүн редактору;

 

Шутова Оксана Валерьевна – А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;


 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Адилет
Ак марал мамилекеттик бий ансамбльинде жоробаев Азамат деген бала иштебейт мен ак марал бий ансамбльинин артистти катары тастыктап берем