Бугу 12, 2025
Убакыт: 21:59
USD
87.30
87.80
EUR
97.00
98.00
RUB
1.045
1.100

Сабыр Рахматов Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорктогу өкүлү болуп дайындалды

07.03.2024 16:05
978
Сабыр Рахматов Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорктогу өкүлү болуп дайындалды


Сабыр Рахматов Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сертификатты палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.

Жакынкы арада Нью-Йоркто КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачуу пландалууда, ал эки өлкөнүн бизнес коомчулугун илгерилетүү жана колдоо борборуна айланат.

"Өкүлчүлүктүн негизги милдети Кыргызстан менен Нью-Йорктун бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле өз ара пайдалуу бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу платформа түзүүгө багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүнүн кеңсеси Нью-Йорктун компаниялары менен ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө кызыкдар болгон республиканын бардык ишкерлери үчүн ачык болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн