Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:37
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров Индиядагы поезд кырсыгына байланыштуу Нарендра Модиге көңүл айтты

03.06.2023 19:30
318
Садыр Жапаров Индиядагы поезд кырсыгына байланыштуу Нарендра Модиге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатындагы поезддердин кагылышуусунун кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.


«Индиянын Одиша штатынын Баласор шаарында поезддин кырсыгынан улам адамдар курман болду деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн