Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 10:47
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту

11.11.2024 16:11
291
Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту.

Мындан ары кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад Фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастады. Ал Фонд учурдагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуу жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Бул контекстте Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүүнү карап чыгары белгиленген.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн