Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Салтанат Сеитова: “Колуңан тамак жесе, жырткычтардын да жандүйнөсү жумшара баштайт”

18.12.2023 08:42
1054
Салтанат Сеитова: “Колуңан тамак жесе, жырткычтардын да жандүйнөсү жумшара баштайт”


“Бугу-Эне” коомдук фонддун жетекчиси, Каракол шаарындагы зоопарктын жана жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборунун директору Салтанат Сеитова менен кыскача маек кылдык.


- Салтанат айым, кылычын алып кыш келди. Кыргызстандын дээрлик аймактарында кар түшүп, түнкүсүн 20 градустан ашык суук болгону белгиленди. Сиздин карамагыңыздагы жапайы жаныбарлар кантти, кепти ушундан баштайлы?


- Жапайы жаныбарлар демекчи, негизинен, алар жаратылышта жылдын кайсы мезгили болбосун жашоо шарттарын өздөрү ыңгайлаштырып алат. Кээ бири чээнге кирсе, кээ бири чытырман токтойдо түнөк табат. Айрымдары курсагын тойгузуш үчүн жырткычтык мамиледе алы келген жан-жаныбарларга кол салып азыктанат. Ал эми биздин зоопаркта же реабилитациялоо борборубузда жашаган жаныбарларда андай шарттар болбогондуктан, биз аларга жаратылыштын элесин гана тартуулоо менен эң ириде саламаттыктары жакшырып, тамак-аштан кем-карч кылбай, камкордукта карайбыз. Учурдан пайдаланып айта кетиш керек, биз өзүбүз жан-жаныбарлардын жем-чөбүн толук кандуу камсыз кыла албайбыз. Бу жагынан Кумтөр компаниясына ыраазычылык айтмакчыбыз. Карамагыбыздагы жан-жаныбарларга, канаттууларга жем-чөптөрүбүздү камдап беришти. 


- “Бугу-Эне” коомдук фондуң бар эмеспи, жардамы тийип атса керек?


- Жан-жаныбарлар менен алек болууда, алардын шарттарын эл аралык стандартта кармоодо чоң түйшүк жаралат. Айтайын дегеним, арстандар, карышкырлар үчүн өзүнчө, жырткыч канаттуулар үчүн башка жайларды жасаш керек. “Бугу-Эне” коомдук фондумдун аркасы менен WWF долбоору боюнча куштарга жаңы, кенен тор (вольер) салынды жана чоң, батымдуу, кубаттуу муздаткыч алдык. Мындан сырткары, фонд каражат издөө менен алек. Бу жагынан биздин фондду билип калгандар кайдыгер болбостон жардамдарын берип келишет. 


- Азыр карамагыңда кайсы жаныбарлар бар?


- Арстан, сүлөөсүн, енот, карышкыр, жырткыч канаттуулар бар.


- Ушуларга өз колуң менен тамак-ашын, жем-чөбүн бересиң. Ооруп калса дарылайсың...


- Мындай карап көрсөң, баары тең жаратылыштын жырткыч жаныбарлары. Бирок, адамдын колунан тамак жей баштаган күндөн тартып, жырткыч жаныбарлардын жандүйнөсү жумшара баштаганын байкайсың. Сен канчалык аларга жылуу мамиле кылып, сылап-сыйпап, кээ бир учурда кадимкидей сүйлөшүп, акыбалын сурап, мактап, жалынып-жалбарсаң, алар да сага ынак боло баштайт. Сенин жагымдуу сөздөрүңдү, колуң менен кучактаганыңды күтөт. Кулактарын ушалап, сүйкүмдүү сөздөрдү айтсаң жактырышат. Жашоодо мындан өткөн бакыт барбы!.. 


Маектешкен: Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн