Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Самыйкожо: Бүгүн дагы жетим калып чыркырап, бүк түшүүдө мигранттын баласы!

23.08.2022 08:47
3222
Самыйкожо: Бүгүн дагы жетим калып чыркырап, бүк түшүүдө мигранттын баласы!



КОШ МЕКЕНДЕШ! 


Бүгүн дагы ыйлап кыргыз апасы, 

Бүгүн дагы мөгдөйт кыргыз атасы! 

Бүгүн дагы жетим калып чыркырап, 

Бүк түшүүдө мигранттын баласы! 


Калды сынып өмүрдөгү кемеси, 

Калат эсте маркумдардын элеси! 

Кеткен жолго турмуш жүгүн артынып, 

Келет өлүү мигранттын денеси! 


Кыйындардын аткарылбай сөздөрү, Кыйналышты кыргыздардын өздөрү. “Кирди-чыкты” кагаз канга боелуп, 

Келе жатат мигранттын сөөктөрү!


Мирлан Сайымкожо, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн