Айылда таңдын атканы өзүнчө бир керемет. Күндүн алтын нурлары асманга тийип, анан жерге акырын куюлуп түшкөндөй. Куштардын биринен бири өтүп сайраганы, айылдын четиндеги суунун акканы кайталангыс. Жалпы эли ойгонуп, тынчтыкты бузуп, ар ким өз тиричилиги менен алек.
Мен да уйду саап коюп, ишке жөнөйм, айылдын бейтапканасында медайыммын. Дайыма кадырлуумун. Балдар ооруса, ийне сайыш керек болсо, үйгө чейин келишет. Бүгүн да Тоту апага кире кетишим керек. Үйү көчөнүн ортосунда жарыгы көчөгө чейин жеткен заңгыраган там. Барсам мени күтүп отуруптур, дарысын сайып берип кетмекчи болгонумда, токтотуп, «ай, Муратка өзүңдөй бирөөнү тааныштырсаң боло?» деди. Анткени баласы менин жолдошумдун классташы, эмдигиче үйлөнө элек. Кайненемдин айтымында, чалы илгери ревизор болуп иштептир. Айылдын алды болуп жашап, бирок балалуу болушпаптыр. Муратты багып алышыптыр. Тоту апа киши менен көп сүйлөшпөгөн, өтө таза, бир нерсе сурап кирген кошунага жок дегенден башка сөз айтпаган адам. Эгер бирөө менен уруша кетсе албуут эле, ошон үчүн киши менен көп мамиле кылчу эмес. Чалы каза болгонуна көп болду, баласы экөө эле жашайт. 4-5 уй саайт. Минтип тез-тез ооруп калганынан “бир эле уйду алып калып, өзүңүздү караңыз. Муратты эртерээк үйлөнтүңүз” деп жумушка жөнөдүм. «Чыкпай эле коюңуз» десем болбой, бутун сүйрөп чыгып, эшигин илип алды. Жолдо баратып адам өлөрүн билсе да ушундай ачкөз боло берерин ойлонуп бараттым. “Мен да карыганда ушинтип каламбы?” деген ойго кеттим.
Көп өтпөй Мурат үйлөндү, никесин кыйып, той беришти. Теңтуштар кошумчабызды алып барып куттуктап келдик. Оор басырыктуу, сулуу келин экен. Мектепте мугалим болуп иштеп, карьера деп жүрүп завуч болууга жетишиптир. Тоту апанын кыялы чатагыраак эмеспи, аялдар “келини кетип калбай, чыдаар бекен...” деп шыбырашып жатышты. Күндөр чубап өтүп жатты. Мураттын келинчеги бизге келип текшерилип турчу, бүгүн да келди. Кан басымын текшерип бүтүп, “көңүлүң чөгүңкү го?” десем эле ыйлап жиберди. Эмне айтарымды билбей калдым, кайненесинин кылыктарын тизмектеп, ыйлап жатты. Мурат же аялына тарта албай, же апасына болуша албай, кыжалат болуп жашаарын билчүбүз.
Кудайдын улуу күндөрүнүн бири Айт күн эле, айылда аялдар чогулуп айттачубуз. Кайненелер, улуу абысындар болуп айттап, Тоту апаныкына да келдик. Келини музейдей болуп турган залын ачып, дасторконду ошол үйгө жасаган үчүн жер-жеберине жетип аткан экен. Үй ээлеринин кабагы түшүп чай бергени бизди оңтойсуз кылды. Бир абысыныбыздын атасы каза болгон эле, чай ичип болгон соң “ошол жакка биротоло барып куран окутуп келбейлиби” деп сүйлөшүп калдык. Тоту апанын келини чыныларды жыйнап жаткан, эки чыны колунан түшүп, бири экиге бөлүнүп, бири быркырап кетти. Четте отурган Тоту апа ыргып туруп экиге бөлүнүп калган чыныны ала коюп, келинин биздин көзүбүзчө каргап-шилеп калды. Менин кайненем «койчу ай Тоту, бир чыны үчүн ушунча болбой! Эч нерсе болбойт, аман-эсен төрөп алсын де» деп жекире сүйлөдү. Тоту апа кулагына да илген жок, жерде сынып жаткан чыныны чебелектеп сүйлөнүп терип жатты. Келини ушунча кишинин алдында уят кылганынан эшикке кетип калды. Тоту апа чынынын сынганына ушунча капа болгонун көрүп таңгалдык. Сыртка чыгып кетип баратып баарыбыздын сүйлөшкөнүбүз ушул көрүнүш... Кээ бирөөсү залын биринчи жолу көргөнүн айтса, айрымдарыбыз келинине боорубуз ачыды. “Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт” дегендей, кийлигише албайсың. Айттап бүтүп, ар кимибиз өз үйүбүзгө тарадык.
Үйгө келгенде да оюмдан Тоту апанын келини Жазгүл кетпей койду. Кечке үймө-үй кыдырып, чай ичип айттап келсек да, «ит итаягын жаламайын тойбойт» дегендей, чай коюп, кайненем экөөбүз чай ичип отурдук. Мен жаңы келин болуп келгенде бир чара чыныны очоктун четине кыйшык коюп кулатып, сындырганымды айтып күлүп алдык. Ал апамдын оюнан да кетпей турганын байкадым. Эми жаталы деп отурганбыз, жолдошума бирөө чалып, шашылыш курткасын кийип, чыгып кетти. Биз жатып алдык. Жолдошум келбегенден сарсанаа болуп, телефон чалсам, басып койду. “Эмне болду экен?” деп сыртка чыктым, эч ким жок. Кайра кирип жатып, көзүм илинип кетиптир. Телефондун шыңгыраганынан чочуп турдум. “Айылдын чыга беришинде Мурат машинеси менен арыкка кирип кетиптир, “тез жардам” келгиче эле кете бериптир, үйүнө барып угузуш керек” деди жолдошум. Эмне кыларымды билбей калдым, кайненемди ойготтум, телефон менен бат эле кошуналар чогулушту. Жаман кабар угузуш да оор экен, улууларды биринчи өткөрүп, артынан биз кирдик. Тоту апа жамандыкты сезгендей жаткан жеринен ыргып турду. “Тынччылыкпы деги?” деп калтырап кетти. “Кайрат кыл, Мураттан айрылдык!” деп кайненем угузду. Ызы-чуу болуп эле калдык. Аялы аркы үйдөн чуркап чыкты, кайненеси “сен жуттуң!” деп өкүрүп кирсе, келин түшүнбөй калды. Ага чейин эле ыйлап, көзү шишигени билинип турат. Көрсө, Тоту апа сынган чыныга ичи ачышып уруш чыгарат. Мурат келсе да күчөйт, келини кийимин жыйнап, “кетем” деп чыгат. Ошондо Мурат машинеси менен чыгып кетип, арыкка кирип кетип атпайбы! Баласынын өмүрү бир чыныга тете болгонуна ичимден күйүп турдум. Элден айланса болот, заматта бозүй тигилип, тегереги даяр болуп калды. Ошентип баласын да көрбөй кете берди.
Койгон күнү теңтуштар аягына чейин жүрдүк, эркектер эшиктеги иштерин бүтүрүп, биз үйдөгү идиш-аяктарын жууп ордуна коюп атып, баягы сынган чыныдан 126 даанасы бар экенин билдик. Тоту апаны ушунчалык жек көрүп кеттим, анткени идиш-аягынын көптүгү ресторандагыдай. Анан бир чыны үчүн алмончоктой келинин ыйлатып, баласы минтип ажал таап отурат. Туугандары деле келип топурак салып кетип калышты. Келини кыркына чейин туруп эле баса берди. Ар кимдин өз оокаты бар дегендей, ар кимибиз өз жумуштарыбыз менен кеттик. Кайненем барып жанына отуруп эрмектешип келет. “Келиним төрөсө, келсе...” деп үмүт кылат экен.
Бир күнү келини “төрөдүм” деп чалды. “Жакшы болгон тура” деп жумуштан кийин Тоту апаны куттуктап коёюн деп кирдим. Өзү жалгыз отуруптур. “Бешик бооңуз бек болсун!” десем, “төрөдүбү?” деп ыйлап жиберди. Көрсө, сүйүнчүлөп да коюшпаптыр, аябай көңүлүн калтырган окшойт. Ыйласа жанында тура албайсың. Муратка куран окутканда келди баласын алып, баары бүткөндө туугандар чогулуп, “кемпир менен жаша, үйү баласына калсын” дешти. Бирок Жазгүл макул болбой кетип калды.
Тоту апанын акыбалы күндөн күнгө начарлап, күн алыс эле келчү болдум. Күйүтү ичинен жеп жатты окшойт, көп өтпөй баласынын артынан кете берди. Келинине кабар берсек, келип, баардыгы бүткөндө кайра кетти. Кыркында келмей болду. Тоту апанын кыркы да бүттү. Келини “бул үйгө кала албайм” деп биротоло кетти. Ошентип айылдын эң кооз деп эсептелген үйү мазарга айланды. Эшик-терезелери жыгач менен жабылды. Бир үй-бүлөнүн келечегин чечип койгон чынылар эч кимге кереги жок болуп, чаң басып кала берди. Байлыгына сан жеткис падышалар өткөн, миңдеген малы бар адамдар өтүп жатат. Бирок бирөө да бир байпакка ээ болбой кетерин билсек да, байлык деп жашайбыз...
Жакшы көргөн идиштериңизди күндө пайдаланыңыз, жакшы кийимиңизди кийиңиз, жакындарыңызды капа кылып албаңыз. Анткени сизби, же жакын адамдарыңызбы, ким биринчи кетерин эч ким билбейт. Өзүңүз үчүн жашаңыз, оптимист болуңуз, окурманым. Мен сиздерди жакшы көрөм.
Саламат Өмүралиева, Москва шаары
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн