Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сириядагы согушка катышкан кыргыз жарандарына таандык ок-дары, куралдар табылды (фото)

30.06.2020 14:37
1274
Сириядагы согушка катышкан кыргыз жарандарына таандык ок-дары, куралдар табылды (фото)



Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар алынды, деп маалымдады башкармалыктын басма сөз кызматы.

 

 

Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү Ош ОИИБнын Мыйзамсыз миграцияга жана экстремизимге каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ок атуучу курал ок-дарылары менен жана граната (жардыруучу зат) алынды.

 

Анда “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү бир даана сайлуу мылтык, “РГД-5" үлгүсүндөгү граната жана 7,62 мм калибирдеги 31 даана патрон болгон.

 

Алынган куралдар жана патрондор 2014-жылы  куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирия мамлекетине чыгып кетип, ошол жакта каза болгон 1985- жылы туулган Р.О. аттуу жаранга, ушул эле Сирияга чыгып кеткен 1989-жылы туулган Р.Ф.га жана 2018-жылдан бери Россияда жүргөн 1978-жылы туулган Р.А. аттуу жаранга таандык болгон.

 

Бул куралдар Ош шаарынын Амир Темир кичи районунун тургуну, жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын бир тууганы 1983-жылы туулган. Р.М. (аял киши) үйүнөн табылган.  Ага карата КЖ 299-беренеси (Улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде  кылмыш иши козголгон. Анын  колундагы баласы эрезеге жете электигине байланыштуу соттун өкүмү 2029-жылы күчүнө кирет.

 

Ошондой эле 2020-жылдын 2-майында Ноокат РИИБнин Мыйзамсыз миграция жана экстремизимге каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери Ноокат районунун аймагында жүргүзгөн ыкчам-тергөө амалдарынын негизинде Катта-Тал айылынын тургуну 29 жаштагы Т.Б. террористик топко катышы бар деп шектелип, Ноокат РИИБнин КЖБР катталган.

 

Кылмыштын бетин ачуу максатында анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 1 даана үн жазылган жабдык , 54 даана китеп, 4 даана СД-диск, 3 даана аудиокасета табылган.

 

Т.Б.нын уюулдук телефонун текшергенде телефонундагы кат куржунга  курамында террористик чакырыктар бар аудио көчүрмөлөрдү социалдык булактар аркылуу тараткандыгы аныкталган. ЖКнин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) шектелип, Ноокат РИИБнин УКЖга киргизилген.

2020-жылдын 17-июнунда Ноокат райондук сотунун чечими менен шектүү бир жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.

 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Т.Б.нын бир тууган иниси Катта-Тал айылынын жашоочусу 23-жаштагы Т.М. акча табуу максатында 2016-жылдын май айында Египетке кеткендиги жана 2017-жылдын июнь айында Сириядагы террористик топко кошулгандыгы маалым болгон.

 

Ыкчам маалыматтардын негизинде Т.М.ге тийиштүү топтолгон материалдар Ош облустук ИИБнин КЖБРне катталган. Сириядагы террористик топтордун  катарында согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн ага карата кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн