Теке 07, 2025
Убакыт: 20:31
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Сокулукта 520 га жерди суу менен камсыздай турган насостук станция курулууда

07.07.2025 16:12
25
Сокулукта 520 га жерди суу менен камсыздай турган насостук станция курулууда


Сокулук районунда "Шорго" суу сактагычындагы насостук станциянын курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев "Шорго" декадалык жөнгө салуу бассейнинин базасында насостук станциянын курулуш иштери менен жеринен таанышты.


Бул объект СССР маалында 700 гектар сугат жерди камсыздоо максатында курулган, бирок узак убакыттан бери иштебей турган. 


Учурда республикалык бюджеттен каржыланып, инфраструктура кайрадан жандандырылууда.


Насостук станциянын курулушунда заманбап техникалык талаптарга жооп берген, жогорку басымга туруктуу жаңы үлгүдөгү түтүктөр колдонулууда. Курулуш иштерин быйыл август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.


"Жаңы инфраструктура аркылуу 520 гектар сугат жер суу менен камсыз болот. Бул долбоор Сокулук районундагы айыл чарба өндүрүшүн жандандырууга жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга олуттуу салым кошот", - деди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн