Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 14:51
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Сокулукта аз камсыз болгон 104 үй-бүлөгө жаңы үйлөр берилди

22.09.2025 12:47
22
Сокулукта аз камсыз болгон 104 үй-бүлөгө жаңы үйлөр берилди


Сокулук районунун Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан 104 аз камсыз болгон үй-бүлөгө турак үйлөр курулуп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 


Социалдык шаарчанын курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 18-сентябрь күнү пайдаланууга берилди.


Шаарчанын аймагында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), футбол аянтчасы жана тигүү цехи бар. Мындан тышкары, шаарчанын ичинде мектептин курулушу да башталды.


Иш-чарага Жогорку Кеңешитин депутаты Винера Раимбачаева, эмгек министринин биринчи орун басары Азиза Солтонбекова, Сокулук районунун аким И.Ташкулов, президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары С.Исманов , араб өкүлдөрү жана социалдык шаарчанын тургундары катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн