Бугу 03, 2025
Убакыт: 05:47
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Соль-Илецктен келгендердин эмне үчүн Таласта кайрадан обсервацияга алынганы айтылды

20.05.2020 14:47
1232
Соль-Илецктен келгендердин эмне үчүн Таласта кайрадан обсервацияга алынганы айтылды


Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерди Бишкекте 10 эле күн обсервацияда жатканы эске алынып Таласта кайрадан обсервацияга алынды. Бул тууралуу 20-майда өткөн брифингде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

 

Анын айтымында, обсервацияга алууга облустун санитардык дарыгерлеринин алгоритми дагы себеп болгон.


"Соль-Илецк шаарынан келгендер айтылган күндөн өзүлөрү унаа жалдап бир күн эрте келип калды, аларды Талды-Булак посттунан тосуп алдык. Бишкекте 10 эле күн обсервацияда жатканын эске алып, кайрадан текшерүүгө алдык. Мындан сырткары биздин облусутук санитардык дарыгерлердин көрсөтмөсү менен да обсервацияга алдык. Алар жатпайбыз деп башында ПЧР анализдерин көрсөттү, бирок биздин өзүбүздүн алгоритмибиз бар, анын негизинде 5 күн обсервацияда кармап, тийиштү анализдерди алып, андан кийин чыгарабыз”, - деди Мураталиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн