Теке 02, 2025
Убакыт: 09:19
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

“Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

08.12.2024 13:46
270
“Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Бүгүн, 8-декабрда, "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга саат 07:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чара Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жатканына байланыштуу колдонулганын ӨКМден кабарлашты.


Ошондой эле Токтогул районунун "Арал" постунда дагы оор жүк ташуучу унааларга саат 03:00дөн тарта убактылуу чектөө киргизилген.


Чектөөлөр күн ачылып, жолдордогу абал жакшырганда алынары айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн