Бугу 02, 2025
Убакыт: 23:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Стамбул шаарында жардыруудан 6 адам каза болуп, 53 адам жаракат алды

13.11.2022 21:56
961
Стамбул шаарында жардыруудан 6 адам каза болуп, 53 адам жаракат алды

Бүгүн, 13-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Истиклал көчөсүндө жардыруу болду. Бул тууралуу түрк маалымат булактары кабарлады.


Маалыматка ылайык, жардыруудан 6 адам каза болуп, 53 адам жаракат алган. Бул көрсөткүч алдын ала алынган маалыматтар боюнча.


Өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган окуя боюнча билдирүү жасап, террактка аял кишинин тиешеси бар экенин билдирди. Ошондой эле тергөө боюнча токтоосуз иш алып барууну тапшырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн