Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Иш-чарага аким Баратбек Сыдыкназаров, АКШнын Стерлинг фондунун Борбор Азия боюнча өкүлдөрү Анду Ларсен, Шери Ларсен, райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Айта кетсек, аталган борбор аким Сыдыкназаровдун демилгеси менен Стерлинг фондунун колдоосунда курулду. Имаратта машыгуу залы, компьютердик бөлмө, конференция, кол өнөрчүлүк залы, ашкана жана жатаканасы каралган. Ошондой эле майыптыгы бар жарандардын реабилитациядан өтүүсүнө толук шарттар түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн