Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

ТМУнун кезексиз жыйынына катышат. Садыр Жапаров 16-17-мартта Анкарага барат

15.03.2023 09:33
213
ТМУнун кезексиз жыйынына катышат. Садыр Жапаров 16-17-мартта Анкарага барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-17-мартта Анкара шаарына (Түркия Республикасы) иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Ресубликасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


“Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат. 


Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”. 


Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат. 


Саммиттин ишине Уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын башчылары катышат. Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын Премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы ТМУда байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары катышат. 


Сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат”, - деди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн