Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо үчүн 584 млн бөлүндү

04.02.2024 11:23
2451
Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо үчүн 584 млн бөлүндү


Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу үчүн мамлекеттен 584 миллион 74 миң сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, "2023-2027-жылдарда "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу" токтом кабыл алынган.


"Программаны ишке ашыруу үчүн тарыхый-маданий мурас объектилерин эсепке алуу жана пайдалануу боюнча электрондук портал түзүлүп ишке берилет. Ошондой эле мындай жайларды оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлөт. Археологиялык эстеликтерди эл аралык стандарттарга ылайык консервациялап, археологиялык казуулар жана изилдөө иштери жүзөгө ашырылат. Алардын базасында жаңы музейлерди куруу да каралган", — деп айтылат маалыматта.


Билдирмеде жогоруда бөлүнгөн каражат төрт жылга бөлүштүрүлөрү, бул тарыхый-маданий мурастарды сактоо багытындагы акыркы 30 жыл ичиндеги биринчи мамлекеттик колдоо экендиги кошумчаланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн