Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 14:42
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Ташиев Бакуда чек ара маселесин жөнгө салуу тажрыйбасы менен бөлүштү

22.09.2025 12:50
24
Ташиев Бакуда чек ара маселесин жөнгө салуу тажрыйбасы менен бөлүштү


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-сентябрь күнү Баку шаарында өткөн коопсуздук боюнча III эл аралык форумга катышып, кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасы тууралуу доклад жасады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери чогулган. Алар эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринин кеңири багытын талкуулашкан. 


"УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүдө бирге аракет кылууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.


Форумдун алкагында УКМК төрагасы башка өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жетекчилери менен да жолугушканы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн