Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 16:14
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Ташкентте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридорунун өнүгүүсү талкууланды

23.09.2025 14:25
15
Ташкентте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридорунун өнүгүүсү талкууланды


Өзбекстандын транспорт министринин орун басары Илхомжон Абдугафаров менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Инмин Ян Ташкент шаарында жолугушуп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридорунун ишке ашырылышына байланышкан маселелерди талкуулашты, деп билдирди өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө негизинен логистика маселелери каралып, мультимодалдык ташууларды жана контейнердик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарына көңүл бурулду. Ошондой эле бул тармакты санариптештирүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерине таянган эл аралык укуктук база түзүү жана техникалык колдоо көрсөтүү маселелери өзүнчө белгиленди.


Инмин Ян өз сөзүндө кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, бул долбоордун стратегиялык маанисине токтолду. АӨБ өкүлдөрү мындан ары да тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдирип, бир катар жаңы демилгелерге техникалык жана кеңеш берүү жагынан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтышты.


Эске салсак, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан жаңы темир жолунун курулушуна арналган расмий азем 2024-жылдын 27-декабрында Бишкекте өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн