Бугу 03, 2025
Убакыт: 12:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Тажик аскерлери миномет менен Достук айылына аткылаган. Чек арада ок атышуу кайра башталды

12.04.2022 22:34
1891
Тажик аскерлери миномет менен Достук айылына аткылаган. Чек арада ок атышуу кайра башталды

Баткен облусунун чек ара тилкесинде кайрадан ок атышуу орун алды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуу учурунда экинчи ирет ок атышуу болду.


"Бүгүн, 12-апрелде болжол менен саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда окуя болгон жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарды. Дагы 30 мүнөттөй ок атышуу болуп, анын кесепетинен кыргыз аскер кызматкери жаракат алды. Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштады. УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек ара тилкесинде кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жарандарды аткылоону токтотууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн