Теке 14, 2025
Убакыт: 16:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.100
1.130

Техникалык жана кенже медкызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

14.07.2025 13:05
17
Техникалык жана кенже медкызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды


Саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, президенттин "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын калыптандырууну бирдейлештирүү жана бирдиктүү моделге келтирүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, министрлер кабинети саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди.


Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-майынан тартып техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, анын ичинде кенже медайымдардын, тартип сакчыларынын, тез жардам кызматынын айдоочуларынын жана медициналык мекемелердин ишин камсыз кылуучу башка кызматкерлердин эмгек акысы 20%га жогорулатылды.


Көбөйтүү мисалдары:
Кенже медайым:

  • чейин — 13 240 сом;
  • кийин — 15 606 сомду тузду.


Тез жардам унаасынын айдоочусу (атайын сигнал орнотулган):

  • чейин — 21 597,2 сом;
  • кийин — 26 499,2 сом.


Бул чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке 500,9 миллион сом каралып, 16 286 кенже жана техникалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн