Кулжа 28, 2025
Убакыт: 15:44
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.105
1.135

Тендерлерди туугандарынын пайдасына чечкен чиновник кызматтан алынды

15.09.2021 18:48
1030
Тендерлерди туугандарынын пайдасына чечкен чиновник кызматтан алынды


Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) башчысы Шүкүрали Мадаминов берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын басма сөз катчысы Замира Ниязбекова билдирди.

Мадаминов кызматтан кетүү боюнча арызды 13-сентябрда жазган. Калаа мэри Алмаз Мамбетовдун 15-сентябрдагы буйругуна ылайык, аталган мекемеге Эмилбек Абласанов жетекчи болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Али Токтакунов "Ош шаардык курулуш компаниясынын" жетекчиси Шукуралы Мадаминов кантип тендер өткөргөнү тууралуу иликтөө жасаганМадаминов 5 жылда 309 тендер өткөргөн, тендерлердин 100дөн ашыгын анын жакындарына таандык фирмалар утуп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн