Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тынымсыз жааган жамгырдан улам Японияда 10 миңге жакын киши эвакуацияланат

15.07.2023 13:57
1182
Тынымсыз жааган жамгырдан улам Японияда 10 миңге жакын киши эвакуацияланат


Тынымсыз жааган жамгырдан улам Япониянын Акита шаарында Тайхэй дарыясы ташкындап кеткендиктен 10 миңге жакын кишини дароо эвакуациялоо буйругу берилди, деп билдирди NHK телеканалы.


NHK телеканалынын маалыматы боюнча, 4,76 миң үйдөн 9,5 миң адам буйрук алган.


Япониянын башкы метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, Акита префектурасынын бир катар аймактарында жаан-чачындын ылдамдыгы саатына 55 миллиметрдин тегерегинде. 12 сааттын ичинде кээ бир райондордо 200 миллиметрге чейин жаан жааган.


Аба ырайынын маалыматы боюнча, жамгыр ишемби жана жекшемби түнү уланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн